Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча дагы 36 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.
Алар:
Бишкек шаары - 17;
Чүй облусу - 3;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу - 3;
Ош шаары - 2;
Ош облусу - 4;
Жалал-Абад облусу - 3;
Баткен облусу - 1;
Талас облусу - 2.
Бүгүн катталган 36 жарандын төртөө чет өлкөдөн келген, 19у медициналык көзөмөлдө тургандар. 13ү вирусту кайдан жуктуруп алганы белгисиз.
Республика боюнча жалпы 2129.
Талас облусунда кечээ, 10-июнда бир медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.