Учурда дүйнө жүзү боюнча эң узак жашаган адамдар Япония, Индия, Франция жана АКШда катталган. Алардын эң алдыңкысы Япониянын жашоочусу Канэ Танака 2020-жылдын 2-январында 117 жашка толгонун чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан.
Бирок Кыргыз өлкөсүндө Канэ Танакадан 2 жашка улуу апа бар экенин көпчүлүк жарандарыбыз билбесе керек. "Аксы районунун Ак-Жол айылында 119 жашка чыккан апа бар" деген айыл тургунунун маалыматынан улам SUPER.KG порталы бул узак жашаган апанын үй-бүлөсү менен байланышып, 1901-жылы төрөлгөн Саадат Базаркулова менен маек курду.
- Саламатсызбы Саадат апа, алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, кайсы жерде туулгансыз, үй-бүлөңүз, бала-бакыраңыз, небере-чөбөрөлөрүңүз жөнүндө маалымат бере аласызбы?
- Өзүм ушу Аксыда эле төрөлгөм. 13 бир туугандын кенжесимин. Атам мен төрөлгөндө эле каза болуп калган экен. Апам баарыбызды жалгыз багып чоңойтту. Турмушка чыгып, 11 баланы төрөдүм. Кудайга шүгүр, 9 балам чоңоюп жетилди. 43 неберем, 54 чөбөрөм, 49 кыбырам бар.
- Биринчи дүйнөлүк согуш менен 1917-жылдагы Октябрь революциясынын учкунун көрүп калсаңыз керек, ал кездер эсиңизде барбы?
- Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында жаш элем. 15-16 жаштарда болсом керек, апамдын, улуулардын сөздөрүнөн апаат болуп жатканын көп угуп калчумун, бирок жаш болуп бизге тийген таасирин байкабадым, элес албасам керек.
- Ал эми Үркүн, Улуу Ата Мекендик согуш маалында башыңыздан өткөн оор күндөрдү баяндап бере аласызбы?
- Кийинки Улуу Ата Мекендик согушта кыйынчылыкты абдан эле көрдүк. Ал апаатты сөз менен айтып бүтө албайсың. Эркектер согушта өлсө, аялдар, балдар, карылар үйүндө ачкачылыктан каза болушкан. Ошол кезде менин жолдошум эмгек фронтуна кеткен. Деги айылда жумушка жарамдуу эркек калган эмес. Аялдар эртеден кечке эмчектеги балдарыбызды таштап коюп, тылда эмгектенчүбүз. Балдарыбыз ачка үйдө отурушчу. Анда айлык деген жок, кечкиге өлчөнгөн жумушту бүтүрө алсаң, акыбызга бир нан берчү. Өзүбүз ачка иштеп, нанды балдарыбызга алып келчүбүз. Кийин жоокерлерге быштак жасап жөнөтө баштадык. Өзүбүзгө акыбызга калган катканын аздан бөлүп берип койчу. Менин өмүрүмдөгү кыйынчылык жылдарым согуш жылдары болду. Кудай андан сактасын. Согуш бүтүп, жеңиштен кабар келди. Бул кабар элди сүйүндүргөнү менен жашоо дароо эле оңолуп кеткен жок. Бул Кудай берген жашта түрдүү кыйынчылыкты көрдүм, аларды санап берүүнүн кажети жок.
- Өмүр таржымалыңызда далай кыйынчылыкты көрүптүрсүз. Жашоодо сизди кубандырган жана арманга салган нерселер?
- Күйүтүм, улуу балам үйлөнүп, жаңы бала-чакалуу болгондо каза болуп калды. Энени Кудай баладан айрыбасын. Балам деп ыйлап, күйүп жүрүп эки көзүмдөн да айрылдым. Азыр баары жакшы, эл жеңил жашоодо жашайт. Кубанганым, небере-чөбөрөлөрүм аман-эсен, ден соолукта. Кудай биз көргөндү көрсөтпөсүн. Заманыңар өнүгүп-өссүн.
- Учурда элибиз дагы коронавирус илдети менен күрөшүп жатат, буга байланыштуу кандай ойлоруңуз бар?
- Ушул оорудан улам жаралган кырдаалдан аман-эсен чыгып кетели.
- Өлкөнүн эң улуу карыясы катары элге айтар батаңыз.
- Өмүрүңөр узун, келечегиңер кең болсун! Жайлаган жайыңар, бала-чакаңар аман болсун! Оомийин.
Мындан ары Саадат апанын келини Жаңылай Таштанбекованы сөзгө тарттык.
- Саламатсызбы Жаңылай эже, канчадан бери Саадат апанын колундасыз, учурда ден соолугу кандай?
- Саламатчылык, 1987-жылы жолдошум менен баш кошкондон бери апамдын колундабыз. Ошондо 20 жылдан бери бирге жашайбыз. Апам баштан өткөн оор күндөрүн, айрыкча тылда жүргөндө аялдар ат соко менен буудай эгип, кийин фронтко жөнөтүп тургандарын көп эскерет. Апамдын 2000-жылдан баштап көзү көрбөй калганы эле болбосо баары жакшы, Кудайга шүгүр.
- Саадат апанын 119 жашка толгондугун тастыктоочу документтери барбы?
- Негизи апамдын жаш кезинде документи болгон экен. Бирок кийинчерээк жоголуп кетиптир. Бизде бар документтери пенсиялык китепчеси, айылдагы каттоо китепчеси менен нике күбөлүгү. Советтер Союзу убагында документ жөнүндө көп ойлонбоптурбуз. Кийин күбөлүгүн архивдерден таба албай калдык. Көрсө документтерди деле өтө көп убакыт сакташпайт экен. Күбөлүгү табылбай калып, анын себебинен паспорт ала албай кыйналдык. Көп жерге кайрылып көрдүк. Бирок жайынтык болгон жок. Апам бул нерсеге аябай эле кайгырып жүрдү. Анткени согуш маалында тылда иштегени жана башка эмгектери, баатыр эне болгону бааланбай калды.
Биз, албетте, апабыз менен сыймыктанабыз, анткени колдо бар башка документтери деле 119 жашка чыккандыгынын далили болуп жатпайбы. Мындай кутман курак баарына эле буйруй бербейт болуш керек. Мындан улам "узак жашагандардын арасында бардыр, бирок паспорту жок көп жерлерде эскерилбей калат" деп балдары өкүнүп калат.
- Маегиңиздерге рахмат, үй-бүлөңүздөр менен саламатта болуңуздар!