Депутат Айбек Алтынбеков боордош мамлекеттерге жардам берүү маселесин карап көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өзбекстандан миң тонна, Казакстандан 5 миң тонна ун келди деп жатасыз. Биздин мамлекетке коңшу өлкөлөр тарабынан жардам берилип жатат. Биз тараптан боордош мамлекеттерге кандай жардам берилүүдө? Бизде ун жок болгон үчүн алар жардам беришти. Бизде эт, картошка бар, жардам берүүнү карап көрөлү", - деп сурады Алтынбеков.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе эске алына турганын айтты.