Социалдык тармактарда тарап жаткан кээ бир чиновниктер үчүн уюштурулган чартердик каттамдар тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирүү таратты.
Анда Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үчүн өлкөдөн чет мамлекетке чыгуу үчүн каттамдар уюштурулбаганы айтылат.
"Дүйнө жүзүндө эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам жана башка өлкөлөр менен аба байланышына тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү мөөнөтүндө "Манас" эл аралык аэропортторуна мезгил-мезгили менен буйрутмалык чартердик санитардык каттамдар аткарылууда. Бул каттамдар жүргүнчүлөрдүн билдирмеси менен медициналык эвакуациялоо максатында, ошондой эле камсыздандыруу учурларында аткарылат.
Маалымат иретинде билдиребиз, аталган каттамдар менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес.
Ошондой эле "МЭА" ААК аэропорттору аркылуу дүйнөдө учуулардын чектелишинен улам өздөрүнүн өлкөлөрүнө учуп кете албай жаткан чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн чартердик каттамдар аткарылып жатат.
"МЭА" ААК жалган маалымат таратпоону суранат. Учурда орун алган эпидемиологиялык абалда "МЭА" ААК кызматкерлердин жана жүргүнчүлөрдүн бардык коопсуздук чараларын так камсыздоо менен күнү-түнү иштеп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.
Кечээ, 12-июлда социалдык тармакта саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары атайын уюштурулган каттам менен дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетти деген маалымат тараган. Буга карата түрдүү пикир жазылып, арасында аларды сындагандар көп болду. Бүгүн, 13-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы туруктуу экенин жана алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышканын кабарлаган.