Депутат Жанар Акаев Таластын мэринин кармалышы тууралуу маселе көтөрдү

Депутат Жанар Акаев Таластын мэринин кармалышы тууралуу маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Таласта жардамга муктаж адамдар үчүн 700 миң сом бөлүнүптүр. Аны таратып бүтө электе, Таластын мэрин УКМК камап койду. Жардам толук таратылып бүтө элек да. Ушул учурду карап коюу керек", - дейт Жанар Акаев.

Талас шаарынын мэри Айдарбек Жусупбеков гуманитардык жардам катары бөлүнгөн 700 миң сомду өзүмдүк кылып алууга шектелип жатканын облустук администрациянын басма сөз кызматынан 29-апрелде билдиришкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан