Депутат Сурабалдиева Исмаиловага: "Сиз ачык депутаттардын катарында элеңиз, вице-премьер болгондон бери көп маалыматтарды ачык ала албай жатабыз"

"Сиз парламентте ачык депутаттардын катарында элеңиз, вице-премьер болгондон бери көп маалыматтарды ачык ала албай жатабыз" деп бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министр Аида Исмаиловага кайрылды.

Сурабалдиева донорлордон келген жардамдар тууралуу элде терс ойлор болуп жатат. "Өкмөт ачык-айкын болуш керек. Каржы министрлигинде ачык өкмөт деген программаны өчүрүп коюптурсуңар. Коронавирус келгенден бери жабык өкмөт болуп калдыңар", - деди депутат.

Исмаилова: "Депутат кезимде бүт маселелерди ачык айтып чыкчумун, өкмөткө келип ошол калыпта иштейм. Бул бүт маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында илинип турат. ЖМКга дагы маалыматтарды беребиз", - деди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан