Тажикстан коронавируска байланыштуу 35 мамлекеттен келген жарандарды өлкө аймагына киргизбөө чечимин кабыл алды

Тажикстандын бийлиги 60ка чукул мамлекетте катталган корнавируска байланыштуу дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн келген жарандарды республиканын аймагына киргизбөө чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Тажикстандын жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Азиз Набизода жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, бул иштердин баары калктын саламаттыгы жана коронавирустун алдын алуу үчүн жасалып жатат.

"35 өлкөнүн жарандарын авиакомпаниялар бортко кабыл албашы керек жана бул билдирүүнүн нускамасы менен туристтик компаниялар кабардар болду" деп ал журналисттерге маалымат берип жатып билдирген.

Тажикстанга кире албай турган мамлекеттердин катарына – Кытай Эл Республикасы, Япония, Түштүк Корея, Вьетнам, Сингапур, Австралия, Малайзия, Камбожа, Филиппин, Таиланд, Непал, Шри-Ланка, Индия, Финляндия, Италия, Улуу Британия, Испания, Швеция, Бельгия, Израиль, Австрия, Хорватия, Швейцария, АКШ, Канада, Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Иран, Ливан, Кувейт, Бахрейн, Оман, Ооганстан, Ирак жана Алжир өлкөлөрү кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jasi.jasi
2020-03-03 11:58:19
Кучтуу экен
+3
bekmaral
2020-03-03 13:03:18
А Биздин пан баштарга баары боло берет.
+5
satyke
2020-03-03 15:24:58
Экономикасы отура баштаганда коробуз. Изоляция менен эч нерсе чечилбейт. Медицинаны онуктуруш керек. Орто кылым эмес азыр эпидемиядан качып же бекинип кутулгандай.
0
BarsBaatyr
2020-03-03 17:55:47
satyke,Бирөөлөргө сын такпай өзүбүздүкүлөргө айт. Экономикабыз отурат деп төрт тарабыбызды ачып отура берсек өзүбүз турбай калабыз.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/297015/
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан