Бүгүн социалдык тармакка кичинекей кыздын чоң энесинен интервью алган видеосу чыкты. Анда журналисттин ролун аткарган кыз энесине келинин "таяк менен сабап тарбиялабайсызбы?" деп айтканы, үйүн "бардак" дегени көпчүлүктүн ууртуна жылмаюу тартуулады. Анда эмесе тез арада интернет жылдызына айланган Баймадан өзү айтмакчы, SUPER.KG порталы "интервья" алды. Алгач каармандын апасы Нурай айым менен баарлашып, андан соң башкы каарманга суроо узаттык.
- Нурай, саламатсызбы? Сиздин журналист болом деген кызыңыздын видеосу интернет айдыңына тарап, интернет жылдызы болуп кетти. Кызыңыз, өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берсеңиз?
- Саламатчылык! Биз Ош шаарынын Кара-Суу районуна караштуу Каарман айылында турабыз. Кызымдын видео тартканын, анын минтип тарап кетерин деле билген эмеспиз. Видеону бизге тааныштар социалдык тармактарда жүрөт деп бүгүн жөнөтүшкөндө гана билдик. Негизи кызым ушинтип ар кимден интервью алып, телефонго өзүн тартканды жакшы көрөт. Телефонумда андай видеолору аябай көп. Элге тарап кетпесин деп айрымдарын өчүрүп турам.
Ал эми кызыбыз жөнүндө айтсам, аты Байма. Кайнатам журналист Байма Сутеновадай чыгаан журналист болсун деген тилек менен атын Байма деп атаган. Кызым учурда 8 жашта, 1-класстын алдыңкы окуучусу.
- Кызыңыз аябай зирек, тың экен. Бала кезден эле ушундайбы?
- Байма 2 жаш болгондо түркиялык "Даңазалуу доор" сериалы популярдуу болгон. Кызым мени менен сериалды калтырбай көрчү. Ошол 2 жашында эле "мен Хүрреммин" дечү. Кийинчерээк чоңойгондо ким болосуң деп сурасак, "Биринчиден, мен журналист болгум келет. Экинчиден, врач болгум келет. Экөөнө тең жетишемби?" деп сурап калчу. Ооба, буюрса, чоңойгондо жетишесиң деп койчумун.
- Энесине "келиниңизди сабап тарбиялабайсызбы?" деп сиз тууралуу айтканбы?
- Ооба, "келиниңизди таяк менен тарбиялабайсызбы?" деп мени айтты да (күлүп). Мен телефонду көп кармайм да, отуруп калсам эле "энем сизди чай кылсын деп жатат, тамак кылсын деп жатат" деп тынбай келе берет. "Телефонду карай бербей келин болгондон кийин келиндик кызматыңызды кылбайсызбы?" деп мени урушат.
- Атасы экөөңүздөр жумуш менен алаксып кызыңыздын видеого тартканын деле байкабай калган окшойсуздар?
- Ооба, негизи биз чоң, "бардак" эмес, таза үйдө эле жашайбыз. Кыштан чыкканча деп ошол эки бөлмөлүү үйдө жашап жатканбыз. Байма да таза, чоң үйдү тартпай, так ошол эски үйдү тартканын карасаң (күлүп).
Апасынан кийин кепти интернет жылдызына айланган Байма менен уладык.
- Байма, кандайсың? Ден соолуктарың жакшыбы?
- Кандайсыз? Өзүңүз жакшысызбы?
- Рахмат, жакшы. Келечекте сени журналист болгусу келет деп уктук. Ал кесиптин эмнеси жагат сага?
- Биринчиден, журналист болгум келет, экинчиден врач болгум келет. Журналист болуп интервью алганды жакшы көрөм, врач болсом элге жардам берем.
- Энеңден дайым эле интервью алып турасыңбы?
- Ооба, дайыма алам. Анан Саян деген иним бар, 6 жашта, андан да алып турам. Мен телевизордон дайыма көрөм да журналисттерди, анан Байма Сутеновадай болгум келет.
- Дагы эмнеге кызыгасың?
- Чоң салон ачып, бирөөлөрдү жасаганга кызыгам. Менин өзүмдүн да чачым узун, азыр тиземден келет. Апам күндө мектепке барганда экиге өрүп берет. Рапунцель (ред. мультфильмдеги каарман) болгум келет. Келечекте Кыргыз өлкөсүндөгү эң чачы узун кыз болом.
- Тилегиңе жет! Энеңе эмнеге апаңды таяк менен сабаңыз деп айттың?
- Апам кечке телефон көрө берет. Ошого ачуум келет. Анан ошого тамак кылбайсызбы деп айтам. Энем мурун мугалим болгон, сабактарымды аткарып берет. Апам үйдө эле, тамак жасап берет.
- Маегиңе рахмат! Тилектериңе жет!