Кыргыз тасмалары 1-10-октябрь күндөрү Түркияда көрсөтүлөт.
Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз киносунун күндөрү белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун
85 жылдыгына арналган Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрүнүн алкагында болот.
Иш-чарада Б.Айдаралиевдин “Улуу ойчул”, Т.Океевдин “Кызыл алма”, Г.Базаровдун
“Жер эне”, Б.Шамшиевдин “Ак кеме” тасмалары көрсөтүлөт.