Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси үйлөндү

31-августта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев үйлөндү. Ал Алима Боранбаева аттуу айымга баш кошту. Казакстандык ММКлар жарыялагандай, жаңы келин фамилиясын өзгөртүп Назарбаева болду. Кеченин сыйлуу коногу, небереси менен келинин кутуктаган президент аларга ак батасын берди. Жаштардын үлпөт тою Алматы шаарындагы Royal Tulip мейманканасында өтүп, орусиялык белгилүү пародист Максим Галкин тамадалык милдетти аркалады. Тойго атактуу ырчылар Бейонсе, Мустафа Сандал, Геннадий Хазанов, Вахтанг Кикабидзе, Лев Лещенко, Лолита Милявская, Ёлка, “Comedy club” дын өкүлү Александр Ревва, теле алпаруучу Нонна Гришаева жана башкалар катышты. Тойго күбө болгондор, бул той Казакстандын тарыхындагы эч ким кечикпей келген алгачкы той экенин айтышууда. Эскерте кетсек, 23 жаштагы Айсултан Назарбаев Англиядагы Падышалык аскер академиясын бүтүрсө, 20 жаштагы жубайы Алима Лондондогу Картолд университетинин студенти. Белгилүү болгондой, Нурсултан Назарбаевдин уулу жок. Айсултан Назарбаев кызы Дарига Назарбаеванын уулу. Жаңы келиндин атасы "КазРосГаз" ишканасынын директору Кайрат Боранбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан