Акыркы бир сутканын ичинде Орусиянын 83 аймагынан жалпы 9 миң 623 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 57 бейтап каза болсо, 1 миң 793 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган 9 миң 623 адамдын ичинен:
Москва шаарында - 5 миң 358;
Москва облусунда - 807;
Санкт-Петербург шаарында - 323;
Нижегород облусунда - 320 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул аталган өлкөдөгү сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен рекорддук көрсөткүч болду. Буга чейинки рекорд кечээ, 1-майда катталган. Анда 7 миң 933 адамдан вирус аныкталган.
Орусиянын 85 аймагынан жалпы 124 миң 54 адамдан инфекция аныкталды. 1 миң 222 адам каза болсо, 15 миң 13 бейтап айыгып чыкты.