Бишкекте өтө муктаж болбогон учурларда өздүк унаада жүрүүгө тыюу салынат.
Бишкек шаарынын ичиндеги кыймыл-аракетке дагы деле болсо чектөө бар, жумушта иштеген жарандар үй-жумуш, жумуш-үй маршрутунда, атайын жумуш ордунан алынган маалым каттын негизинде жүрө алышат. Бул тек гана Бишкек шаарынын комендатурасы бекиткен тизмеге дал келген жарандар.
Бишкек шаардык комендатура 30-апрель күнү “өзгөчө кырдаалдар учурундагы экономикалык абалга өзгөртүү киргизүү” жөнүндөгү буйругун бекиткен. Бул буйрукта төмөнкү транспорттук каражаттардын иш алып баруусуна уруксат берилет:
Уруксат кагаздары бар жүргүнчү ташуучу автобустарды пайдаланууда, жүргүнчү орундарынан 60-70 пайыздан ашык эмес адам толтуруу;
Такси кызматында иш алып баруучу транспорт каражаттарына, 2ден көп эмес жүргүнчү жана бир жаш балага уруксат берилет;
Медициналык мекемелерге шашылыш барчу же азык-түлүк дүкөндөрүнө барууга.
Жашаган жеринен иш ордунан жана кайра кайтып баруудан тышкары, шаарды айланып жүрүүгө тыю салынат. Уруксат берилген мекемелердин тизмесине кирбеген тармактардагы бардык уюмдар жана ишканалар өзгөчө кырдаалдын чектөөлөрүнө баш ийүү менен өз ишин алыстан онлайн режиминде улантууга тийиш.
Эскерте кетсек, иштеген жеринен берилүүчү маалым кат расмий бланкта болушу керек, анда уюмдун аталышы, толук аты-жөнү жана уюмдун жетекчисинин, кадрлар бөлүмүнүн кызматкеринин телефон номерлери менен тастыкталуусу зарыл. Уруксат берилген мекемелердин тизмесине кирбеген тармактардагы бардык уюмдар жана ишканалар өзгөчө кырдаалдын чектөөлөрүнө баш ийүү менен өз ишин алыстан онлайн режиминде улантууга тийиш.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет. Жогорудагы буйруктардын талаптарын бузгандар жоопкерчиликке тартылат. Буга 3 миң сом айып салынат.