Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 7, пневмониядан 41 бейтап каза болду

Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 7, пневмониядан 41 бейтап каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 78 жашта);
Баткен облустук ооруканасынан – 1 (аял, 71 жашта);
Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 42 жашта, эркек 63 жашта);
Кара-Буура аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 79 жашта);
Панфилов ЖДПК – 1 (эркек, 53 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 167 кишини түздү.

Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 20 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам.

Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 612 адам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2020-07-16 10:29:08
Пневманиядан каза болгондорду эмне учун болок жазып жатасынар,? Экоосу бир эле оруу деп жатпайсынарбы ковиттен каза болгондордунда опкосу жабыркап каза болуп жатабы же кандай?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан