Коронавирустун республиканын аймагында катталганына байланыштуу өлкөдө ыкчам штаб түзүлдү. Аталган штаб коронавирус боюнча аймактардагы ыкчам байланыш номерлерин түздү. Эгерде коронавируска шектелген адамдарды байкаган учурда же өзүңүздө оорунун белгилери байкалган учурда төмөнкү номерлерге кайрылыңыз.
18-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келишкен. Жабыркагандардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран экенин саламаттыкты сактоо министри билдирген.