Францияда мышык ээсинен коронавирус жуктуруп алды

Коронавирус биринчи жолу Франциядагы үй мышыгынан табылды. Улуттук ветеринардык мектептин адистеринин айтымында, мышык үй ээсинен коронавирус жуктурган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Франциядагы Альфа улуттук ветеринардык мектебинин жана тамак-аш коопсуздугу, курчап турган чөйрөнү коргоо жана кесиптик саламаттыкты сактоо улуттук агенттигиндеги вирусологиялык изилдөөлөрдүн биргелешкен бөлүмү коронавирус инфекциясынан жабыр тарткан 12 мышыкка сыноолорду жүргүзүшкөн.
Жыйынтыгында мышыктардын биринен коронавирустун белгилери аныкталган. Буга байланыштуу, ветеринарлар үй жаныбарлары менен болгон социалдык аралыкты сактоого чакырышты.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gulam
2020-05-02 23:41:18
Жаш мышык болсо олбойт, картан болсо олот.
+2
akmanai
2020-05-03 11:56:07
gulam,)))
0
zamir_kgz
2020-05-03 14:49:05
Бизде мышык эмес адамдарды текшербейтат, биз бир кудайга ишенебиз. Башка вариант жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан