Казакстанда дагы 47 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында 15, Атырау облусунда 21, Ак-Төбө облусунда 1, Караганда облусунда 1, Костанай облусунда 4, Түркестан облусунда 3, Батыш-Казакстан облусунда 2 адам коронавирус жуктуруп алган.
Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 миң 207. Бул илдет Алматы жана Нур-Султан шаарында эң көп катталган.