Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Оксана Пушкинадан коронавирус аныкталды

Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Оксана Пушкинанын коронавирус менен ооруганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

"Единая Россия" фракциясынын депутаты Оксана Пушкинанын айтымында, анда коронавирустун белгилери байкалбай өтүп жатат. "Тест болбогондо эч качан оорудум деп ойломок эмесмин", - деген Пушкина.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин 13-май күнү COVID-19 инфекциясы эки депутаттан чыкканын айткан. Анын айтымында, жалпы 5 депутат вирус менен ооруп жатат. "Депутаттардын 3өө ооруканада жатып, бирөөсү чыгарылды. Ал эми экөө үйдө дарыланууда", - деп билдирген Володин.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KalenAlmaz
2020-05-14 09:55:29
Коронавирус хит болду 2 ай.Ар нерсе жаны чыкканда 2 ай хит болот анан жоголот и всё.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан