Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сел бүгүн, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында алдын ала маалымат боюнча, мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунун аймагында Тогуз-Булак айыл аймагынын, Миң-Жыгач, Сумбула айыл аймагында Кара-Дөбө айылынын Катар участкасына жана Исфана шаарынын сел өтүүчү сайлардан сел жүргөн.
Исфана шаарынын Дадасиян, Восточная, Строительная көчөлөрүнүн күн чыгыш, түштүк тарабынан жана Жаңы-Конуш участкасына тоолордон келген сел, арыктардан ашып 10 турак үйгө жана жер төлөсүнө жана 10 турак үйдүн огород участкасына сел суулары кирген.
Ошондой эле Кара-Дөбө айылынын Катар участкасынын 1 турак үйгө селдин суулары кирген. Жеринде ӨКМнын ыкчам тобу тиешелүү иш алып баруу үчүн жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.
Алдын ала маалыматка ылайык, жабыр тарткан же каза болгондор жок. Кошумча маалымат берилет.
Буга чейин Исфана шаарында сел жүргөнү маалымдалган.