Бүгүн, 3-май күнү Ош шаарынын экономика тармагы, салык, бюджет, антикризистик программа, өндүрүш ишканаларга уруксат берилиши тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн жыйын берди. Жыйын учурунда 11-майдан тартып уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктөрдүн тизмеси аталды.
Алар:
1. Микрофинансылык уюмдар: камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк агенттиктери, туристтик агенттиктер;
2. Калкты тейлөө кызматы: электр монтажчылык жана жыгач устачылык иштери, тиричилик-техникаларын оңдоо кызматы,
3. Соода чөйрөсү: курулуш материалдарынын соода дүкөндөрү жана базарлар, автотетиктерди сатуучу базарлары, тигүү жана булгаары иштетүү тармактары;
4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү: Ош шаарынын муниципалдык транспорттору автобус, троллейбустар гана ишке чыгат.