Бишкекте 12 милиция кызматкери коронавирус жуктурган болушу мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда кызматкерлер обсервацияга жаткырылды. Алардан биринчи тапшырган анализдеринде оорунун белгилери жок. Эми алдыда дагы он күндөн кийин экинчи жолу анализ алынат", - деди басма сөз кызматынан.
Укук коргоо кызматкерлери учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.