Аймактар аралык каттамдарды жүргүзгөн айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмү 201 миң сом болду

Аймактар аралык каттамдардын айдоочуларына санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн салынган айып пулдун жалпы суммасы 201 миң сом болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Транспорт жана жолдор министрлигинин транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурбек Капетов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ага ылайык, беш күндүн ичинде 2 миң 816 унаа текшерилген. 2020-жылдын 20-июнунан баштап айдоочуларга Транспорт министрлиги тарабынан жалпысынан 99 миң сом, ал эми санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан 102 миң сомдук айып пул салынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан