Айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2-3-4-май иш күндөрү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам кабыл алуу жана өлкөнүн экономикасынын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталды.
Мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык, көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди.