97 бейтап коронавирустан айыгып үйлөрүнө чыгарылса, 35 бейтап өтө оор абалда жатат

Республиканын медициналык жайларында коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен акыркы суткада 97 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүндө илдеттен жабыркап, андан айыккандардын жалпы саны 180 миң 529 болду.

Ал эми бүгүнкү күнгө карата илдет менен күрөшүп, ооруканада жаткан бейтаптардын саны 523кө жетти. Анын ичинен 35 кишинин абалы өтө оор, 147 бейтап оор абалда жатат. Калгандарынын абалдары орто жана канааттандырарлык деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан