Беш өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган чалгындоо уюму Кытай коронавирус тууралуу маалыматтарды жок кылып салган деп айыптоодо

Кытай бийлиги COVID-19 коронавирус инфекциясынын чыкканын жашырган жана маалыматтарды атайын жок кылган. Мындай кабарды "The Daily Telegraph" басылмасы "Беш көз" деп аталган чалгындоо уюмунун докладына таянып жазган. Бул уюмга АКШ, Австралия, Канада, Улуу Британия жана Жаңы Зеландия кирет.

Докладда: "Кытай өкмөтү вирус жөнүндө маалыматты жашырып, дарыгерлерге бул тууралуу эч кимге айтпоону эскертишкен. Анын чыкканы боюнча далилдерди жок кылышып, вакцина жасаган окумуштууларга анын үлгүсүн алып келип берүүдөн баш тарткан", - деп айтылат.

"Вирустун адамдан адамга жуккандыгына далилдер бар экендигине карабастан, өткөн жылдын декабрь айында эле чыккан вирусту алар 2020-жылдын 20-январына чейин жашырып келишти", - деп жазылган маалыматта.

Чалгындоо уюмунун маалыматына ылайык, Ухандагы вирусология институтунун профессору Ши Чжэнли Юньнань провинциясындагы үңкүрдө коронавирустун үлгүлөрүн аныктаган. Ал COVID-19га окшош болгон. "Беш көз" чалгындоо уюму, андан кийин окумуштуулар жарганаттын организминен алынган коронавирус менен синтездешкенин докладына жазышкан. Кийинчерээк коронавирустун гени Ши Чжэнли жетектеген лабораторияда иликтенген вирус менен окшош эмес экендиги аныкталган.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай коронавирустун бар экенин жашырган деп айыптап, компенсация талап кыларын жарыялаган. Буга Кытай өкмөтү да жооп берген болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KalenAlmaz
2020-05-03 15:17:21
Наверно скрывает вакцину от каронавируса Китай.Вот я сижу без работы уже второй месяц,этот Китай мог бы оплатить мне вынужденный карантин.
+10
assanov97
2020-05-03 15:59:44
Кытай бизге да компенсасия толосун
+7
assanov97
2020-05-03 16:00:01
Канча юеген адамдар иш жок отурат
+6
Zlum
2020-05-03 18:26:02
Кытайды сотко бериш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан