Исхак Масалиев мындай абалда депутаттардын айлыктан башка чыгашалары төлөнбөшү керектигин айтты

Эл өкүлү Исхак Масалиев мындай абалда депутаттардын айлыктан башка чыгашалары төлөнбөшү керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Биз колубуздан келишинче жардам берип жатабыз. Депутаттар бир айлыгын атайын эсепке которуп, депутаттар жер-жерлерге жардам беришүүдө. Бирок бул негизги көйгөйдү чечпейт. Штабдын жетекчиси премьер-министр Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында күнүгө маалымат бериши керек. Өзгөчө кырдаалды өзүбүз бузуудабыз. Миң киши ушул имаратка топтолуп жатабыз. Ал эми көчөдө жүргөн эки адамды кууп салабыз. Тартипти өзгөртүп койсок болот. Комитет, фракциянын режимине өтсөк. Керектүү маселе болсо, тийиштүү адистерди чакырып, чечип беришибиз шарт. Бизде атайын эсеп бар. Жогорку Кеңештин төрагасында, президентте, премьер-министрде 30 миллион сомдон эсеп бар. Ушул каражатты атайын эсепке которуп берүү зарыл. Өзгөчө кырдаал бүткөнгө чейин депутаттардын айлыгын гана калтырып, калган чыгашалары төлөнбөшү керек. Мындай оор кырдаалда унаа, иш сапарлардан жана башка чыгашалардан баш тартып тура алабыз. Үнөмдөлгөн акчаларды атайын эсепке которуп берүү зарыл.

Бүгүнкү күнгө чейин медицина кызматкерлерине айлык кошулат деп сөз болгон. Бирок кошумча акча которула элек. Бүт Кыргыз мамлекетиндеги дарыгерлер күтүп жатышат. Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө катталганы үчүн Жогорку Кеңештин атынан элден кечирим сурайм", - деп депутат өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AksyKum
2020-04-15 16:50:53
119адамдын каргышына калып кетпениз Искак Абсаматович
+4
Asman779
2020-04-15 17:38:32
Урматтуу депутаттар эптеп айлыка эле иштеп турунуздар калган чыгашанарды оз чонтогунордон чыгарып, чыдап тургула. Биз айлык да,калган чыгашабызда жок, чыдайбыз. Эн негизгиси силер Аман болгула.
+3
Aimani
2020-04-15 18:21:14
Айлыктарынан деле отказ кылып коюшса болмок. Баары эле бизнесмен, чириген байлар
+6
urmat94
2020-04-15 20:29:21
Айлык деле албайле койгула силер деле уйдоле отурасынарго иштебей биз деле эч нерсе албайле отурабыз
+4
Oven
2020-04-15 21:11:00
Туура, айлык деле алюай эле койгула, окмотту деле иштетпей кунуго эле чакырып алып, тепкилеп жатасынар, лучше уйунорго эле жаткыла! Окмоттун ЖК менен брифингден колу бошобой, жумушун иштеп силерге, элге жагууга убактысы да, мумкунчулугу да калбай калып жатат. Эн жакшы жумуш "Чукулагыч" болуп жатат.Озунор ради пиара "Чукулап" эле жатасынар! Тяжела шапка "Мономаха". Алдын ала дельный совет бергиле, карап отуруп откондон кийин сындабай!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан