Аксы районунун Ак-Жол айылында сел жүрдү

Аксы районунун Ак-Жол айылында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"4-майга караган түнү саат 1:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу сел Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында 8 турак үйдүн короолорун, Шына айылында 10 турак үйдүн короолорун, ошондой эле Эчкилик-Сай жана Жолборсту айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорун каптаган.

Кырсык болгон жерге Аксы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Дагы кошумча маалымат бериле турганын билдиришти.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМнын негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан