Президент коронавирустан көз жумган дарыгер Жүзүм Көкүмбаеванын жакындарына көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын кайтыш болгондугуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Бишкек шаарынын №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын коронавирус илдетинен дүйнөдөн кайтты деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул илдет менен күрөштө ак халатчан медиктерибиз алдыңкы сапта турушат. Илдетти жуктуруп алуу коркунучуна карабай, жабыркап жатышса да, өтө бийик каармандык жана тайманбастык менен жарандарыбызды өлүмдөн, оорудан сактап калышууда. Тилекке каршы, бул күрөштө ак халатчан дарыгерибизден айрылып отурабыз", - дейт мамлекет башчысы.

Ал Жүзүм Көкүмбаева өзүнүн дарыгерлик милдетин толугу менен аткарып, көп жылдык эмгеги менен элдин саламаттыгына кызмат кылып, жүздөгөн жаштарга насаатчы болгондугун белгилеген.

"Дүйнөлүк апааттын биздин өлкөгө келиши менен, анын жайылышын токтотууда алдыңкы сапта жүрдү. Жүзүм Көкүмбаеванын элеси ар дайым ар бирибиздин, анын колунда дарылангандардын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде өчпөй, сакталат. Ак жүрөк дарыгерибиздин бир туугандарына, жакындарына жана балдарына жүрөктөн көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм", - дейт президент Сооронбай Жээнбеков.

Жүзүм Көкүмбаева 2-май күнү каза болгон. Ал саламаттыкты сактоо тармагында 30 жыл эмгектенген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tymar
2020-05-04 11:32:43
тенирим ден соолук берсин.
-8
robot111
2020-05-04 12:07:15
жакындарына сабыр берсин
+7
Alimbek1000
2020-05-04 12:04:58
Жаткан жери жайлуу болсун. Аллахым бейиштик кылсын
+7
Jaznura
2020-05-04 12:09:10
Жараткан Кудай Өзү жаткан жерин жайлуу, кабырын нурдуу кылсын.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан