Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин айлык акысын кыскартуу тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат боюнча Кыргыз өкмөтү билдирүү жасады.
Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар режими жана өзгөчө абал учурунда штаттык режимде ишке тартылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы толук көлөмдө төлөнө тургандыгы айтылды.
"Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери учурунда аралыктан иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы түздөн-түз иш ордундагы милдеттерин аткаруудан көз каранды болгон үстөктөрдөн тышкары тийиштүү кошумча төлөмдөрдү (иштеген жылдары үчүн, класстык чин, окумуштуулук даражасы жана бийик тоолуу, алыскы аймактар) эске алуу менен төлөнөт", - деп жазылат маалыматта.