Мэрия: "Бишкек шаарында санитардык талаптарды аткарбай каттап жүргөн автобус муниципалитетке тиешелүү эмес"

Социалдык тармактарда санитардык талаптарды аткарбастан каттамга чыккан автобус муниципалитетке карабайт. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын мэриясынан таратышты.

"Аталган коомдук унаа менчик компанияга тиешелүү болгон №5 жана №35 каттамындагы автобустар. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы бир нече жолу аталган компаниянын дарегине санитардык нормаларды сактоо жоопкерчилиги тууралуу кат жөнөткөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, муниципалитеттин балансындагы бардык коомдук унаалардын салондорунда дезинфекциялык иштер ар бир каттамдын алдында жасалып турат. Мындан тышкары автобус кармагычтары, отургучтар жана эшик-терезелер дагы нымдуу тазалоодон өтөт. Нөөмөт алдында айдоочунун ден соолугу текшерилет"
, - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан