Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилгенден бери, тагыраагы 25-марттан 3-майга чейин 2 миң 93 кылмыш иши катталса, анын 1 миң 903үнүн бети ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн брифинг учурунда билдирди.
"Бишкек шаары боюнча коомдук коопсуздук кырдаал туруктуу жана көзөмөлгө алынган. 25-марттан 3-майга чейин катталган кылмыштардын саны 2 миң 93тү түздү. Анын ичинен бети ачылганы 1 миң 903. Мындан тышкары 71 унаа жол кырсыгына кабылып, 86 адам жаракат алды. Коменданттык сааттын эрежесин бузгандардын жалпы саны 3 миң 74 адам. Анын ичинен эркектер 2 миң 658, аялдар 416. Анын ичинен жашы жете электер 13 жана чет өлкөлүк жарандар 97", - деп билдирди комендант.