Бишкек шаарындагы такси кызматтары иш күндөрү эч кандай чектөөлөрсүз иштейт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Такси кызматтары иш күндөрү убакыт боюнча эч кандай чектөөлөрсүз иштейт, санитардык талаптар сакталышы зарыл. Ал эми дем алыш күндөрү (ишемби жана жекшембиде) такси иштебейт", - деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы күчөп жаткандыгына байланыштуу шаардагы жүргүнчү ташыган коомдук транспорттордун (троллейбус, автобус, маршруттук таксилер) каттамына өзгөртүүлөр киргизилген.