ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 27 жашка чыкты

Кыргыздын сыймыгы болгон Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-майда 27 жашка чыкты. Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында чоңойгон. Айсулуунун 2 эжеси, агасы жана иниси бар.

Бала кезинен спортко жакын болгон Тыныбекова 8-класска чейин баскетбол ойногонду жактырган, 9-класста таэквондо ийримине катышып, машыга баштаган. Кийин 10-классты бүткөндө күрөшкө кызыгып, машыгууларга олуттуу мамиле кылып, өзүнүн спорттук карьерасын баштаган.

2009-жылы Кыргыз курама командасынын курамына кирип, алгачкы Азия чемпиондугунда коло медалдын ээси болот. Андан кийин да көптөгөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон. 2012-жылы Тыныбекова 19 жашында Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алып, анда, тилекке каршы, алгачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып, 13-орунга гана татыган.

2017-жылга чейин Айсулуу Тыныбекова жаштар арасындагы Азия чемпиондугун жеңип, Дүйнө чемпиондугунда жана башка ири эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырган.

Кыргыз элинин сыймыгы, эл аралык даражадагы спорт чебери Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы 7 ири мелдеште байгелүү орундарга илинген. 3 жолу алтын медаль тагынып, кыргыз желегин желбиреткен. Январь айында өткөн "Иван Ярыгин" мелдешине катышып, балбан кыз 11 кыргыз спортчунун арасынан жалгыз медаль багынткан.

2019-жылы 20-сентябрда Казакстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында Айсулуу Тыныбекова болгариялык балбанды 5:3 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталган.

Дүйнө чемпиондугунан кийин токтоп калбастан Тыныбекова катары менен беделдүү деп эсептелген Түркияда жана Италияда өткөн турнирлерде алтын медаль тагынган.

Кыргыздын сыймыгы болгон Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтчү жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жаткан. Пандемиядан улам Олимпиада оюндары кайсы мезгилде өтөрү азырынча белгисиз.

Өз сөзүндө балбан Олимпиада оюндарынан алтын медаль алууну көздөп жатканын билдирген.

Кыргыздын атактуу спортчусу Айсулуу Тыныбекова учурда бойдок.

4-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aza84
2020-05-04 14:15:48
Өмүрү узун болсун Кыргыз эли сыймыктанабыз
+2
akmanai
2020-05-04 15:02:21
Туулган кунун менен алтын кыз. Ден соолукта бол. Коп ийгиликтер менен бирге аялдык бакыт каалайм. Сыймыктанабыз, суйобуз!
+2
zhykyo
2020-05-04 15:09:02
Ооо куттуктайбыз уй булообуз менен баарыбыз .Кыргыз элинин сыймыгысын
+1
Daniel8885
2020-05-04 15:37:50
Молодцы Айсулуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан