Бүгүн, 4-майда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президентине Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жарылып, суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты.
Ошондой эле президенттер коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзүү маселелери тууралуу пикир алмашты.
Мамлекет башчылары татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкендигин өзгөчө белгилешти.