Бүгүн, 9-апрель саат 10:00гө карата өлкө аймагында дагы 10 жаран коронавируска кабылганы белгилүү болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирип, бейтаптар кайсы аймактын жашоочулары экенин айтты. Алар:
Бишкекте – 1;
Ноокат районунда – 1;
Ош шаарында – 3;
Сузак районунда – 4;
Аксы районунда – 1.
Учурда ооругандардын саны 280 болуп калды.