Бишкек шаарынын Ленин районундагы коронавирус инфекциясы аныкталган 82 адамдын алтоо сырттан келгендер. Бул тууралуу Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Токтосун Султанов онлайн брифинг учурунда билдирди.
"Ленин районунда статистикалык маалымат боюнча 267 миң 200 адам жашайт. Райондо коронавирус инфекциясы аныкталган 82 адам катталды. Анын ичинен алтоо сырттан келгендер болсо, 76 адам жергиликтүүлөр. Алар менен байланышта болгон биринчи категориядагылардын саны 223 адамды түзөт жана анын ичинен 62 адам байкоодон алынды", - деп билдирди Султанов.