Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаардык мэриясынын бир катар структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ленин райондук акимчилигинен 2 кызматкерден коронавирус аныкталды. Мындан тышкары райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси жана №37 бала бакчасынын кызматкеринен илдет аныкталган. Мекемелер карантинге жабылган.
Биринчи Май райондук акимиатынын социалдык бөлүмүнүн кызматкеринен алынган тесттин жыйынтыгы тактала элек. Ал эми райондук билим берүү борборунун жана бала бакчаларынын кызматкерлеринен илдет аныкталган жок.
Свердлов райондук акимчилигинен буга чейин бир кызматкер коронавирус менен ооруп, учурда илдеттен айыкты. Бүгүнкү күнгө карата мекеменин кызматкерлери арасында ооругандар жок. Аталган райондогу №35 бала бакчасынын кызматкери коронавирустан дарыланууда, учурда бала бакча иштеген жок.
Октябрь райондук акимиатында коронавирус илдетине кабылгандар жок. Ал эми райондук билим берүү борборунун коронавирус аныкталган 2 кызматкери илдеттен арылып, үйлөрүнө чыгарылса, дагы 3 кызматкери дарыланууда.
"Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын бир кызматкери жана анын уулу дагы буга чейин ооруп, айыккан. Троллейбустун бир айдоочусунан да коронавирус аныкталып, бүгүнкү күндө сакайды.
"Бишкек асфальт сервис" ишканасынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталып, учурда ал дарыланууда. Мекеменин калган кызматкерлери үй карантининде.
"Бишкек суу каналдын" 2 кызматкеринен илдет аныкталды. Учурда 47 кызматкер оорулуулар менен байланышта болгон делинип, үй карантинине жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, башкы эсепчи жана уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы үй карантининде, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Коронавирус аныкталган кызматкерлердин баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Алар менен байланышта болгондордун тизмеси түзүлүп, баары ПЦР-тест тапшырышууда дешти мекеменин маалымат кызматынан.