Чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды өлкөгө кабыл алуу жандандырылды

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз өлкөсүнө кирүүсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

4-декабрда өкмөт "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунун өткөрмө посттору аркылуу келген чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды өлкөгө кабыл алууну жандандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мындан улам 2020-жылдын 4-декабрынан тартып, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үзгүлтүксүз учуулар менен келе алышат.

* Тышкы иштер министрлиги COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча алгоритмдерге ылайык, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз мамлекетине учуп бара жаткан учактын бортуна, акыркы 72 саат (3 күн) ичинде жүргүзүлгөн ПЦР изилдөөсүнүн терс натыйжаларын көрсөткөндөн кийин киргизилерин эскертет.

* Келгенден кийин санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери, борттогу жүргүнчүлөрдүн ПЦР изилдөөсүнүн жыйынтыгын жана дене табын текшеришет.

* Эгерде, учуунун узактыгына же учуунун кечигишине байланыштуу объективдүү себептерден улам ПЦР изилдөөнүн (72 саат) мөөнөтү аяктаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жеринде ПЦР изилдөөдөн өтүшү керек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazarnew
2020-12-07 13:04:33
Кыргызстан наш общий дом, любой кычык пычыктан келсе боло берет, какой позор а, ушул мырк чимкириктердин айынан ушундай деңгээлдебиз да.
0
Nuri1988Elim2010
2020-12-07 13:13:33
Көк мээлер, өзүңөрдүн элинерди эптегилечи биринчи, канчалаганы талаалап жүрүшөт тиричилик деп, жумуш орундарын түзүп, жер бергиле, өзүбүздүкүлөр биринчи жакшы жашасын, анан башканы кыйраткылачы
0
Chungyz
2020-12-07 13:37:46
Эч ким келбейт кыжалат болбогула бардык жерде кырдаал оор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан