Бүгүн, 5-май күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айылында сел жүрдү. Бул тууралуу айылдын жергиликтүү тургундары маалымдашты.
"Бүгүн, 5-май күнү Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айылында сел жүрдү. Биздин айылда катуу нөшөрлөп жаан жааган жок. Өйдөңкү Сумсар шаарчаларында мөндүр аралаш жаан жаап, ошонун кесепетинен сайлардан суу ашып, бизге келди дешти. Кудайга шүгүр, айылда селден жабыркагандар болгон жок, бирок жолдорду жууп кетти", - дешет тургундар.