Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында обсервацияда жаткан Дубайдан келген жарандар үйлөрүнө чыгарылды

Бишкек шаарындагы "Ак-Кеме" мейманканасында 14 күндүк обсервацияда жаткан жарандар үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Дубайдан чартердик каттам менен учуп келип, "Ак-Кеме" мейманканасына жайгаштырылган жарандар бүгүн, 5-май күнү обсервациядан чыгарылды. Алар буга чейин медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери обсервациядан чыккан жарандарды атайын унааларга отургузуп, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көлгө коштоп кетишти. Жарандар баргандан кийин да обсервацияга алынат", - деп билдирди басма сөз катчысы.
Эске салсак, буга чейин 26-апрелде Дубайдан 178 Кыргыз жараны учуп келгендиги маалымдалган.
Дубайдан келген жарандар обсервациядан чыгарылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан