Кытай төрагасы Си Цзиньпин коронавируска каршы күрөшүү кандай жүрүп жатканын текшерди

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Пекинде коронавирусту алдын алуу иш-чаралары кандай жүрүп жатканын билүү максатында рейд жүргүздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Кытай лидери бүгүн, 10-февраль күнү коронавируска каршы күрөшүү чаралары канчалык деңгээлде иш жүзүнө ашып жатат, ошол жаатта текшерүү жүргүздү. Ошондой эле ал Чаоян районунун тургундарынан дары-дармек, азык-түлүк жетиштүү болуп жатабы, абалдарын сурады. Андан соң Цзиньпин коронавируска кабылгандар жаткан Дитань ооруканасына барып, ал жактын шарты менен таанышып чыкты. Ухан шаарындагы абалы оор бейтаптар жаткан оорукана менен видео чалуу аркылуу байланышып, маалымат алды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Altyn2017
2020-02-11 01:36:20
Ухань шаарынада барып ал ахыбалды өз көзүнүз менен көрсөнүз жакшы болмок.
+1
madina.87
2020-02-11 02:11:59
Altyn2017,жан таттуу да, жугуп калса эмне болот!
+3
nurhan2702
2020-02-11 16:41:48
madina.87,кимдер дарыгерлик кылып атат ото кооптуу жайда.
0
gitaris93
2020-02-11 14:40:23
Altyn2017,Ухань шаарына барбай эле Арстан Алайдын алдына келиш керек карыздан кечтик деп хе хе
0
akmanai
2020-02-11 18:04:46
Корона вирус оорусу таптакыр жоголгондо ушул ооруу менен ооруган адамдарды дарылаган, караган врачтарга менимче жогорку даражадагы сыйлыктар ыйгарылса керек. Айрыкча Ухань шаарындагы дарыгерлерге. Оруулууларды дарылайм деп оздору олумго дуушар болгон дарыгерлер сыйлыкты колдоруна ала алышпаса да тарых барактарында жазылып калса керек. Албетте мындай коркунучтуу оорунун аркасынан сыйга татыйм деп эч ким энсебеген го. Оз омурун тобокелге салып иштеп жаткан дарыгерлердин эмгеги баалоого арзыйт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан