Өлкөдө бир суткада 28 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар:
Бишкек шаарында - 16;
Чүй облусунда - 2;
Жалал-Абад облусунда - 6;
Баткен облусу - 4.
Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 871ге жетти.