Жалпы республикалык тестирлөөнүн 3-туру болуп өттү

Бүгүн, 13-июлда жалпы республикалык тестирлөөнүн 3-туру болуп өттү. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиргендей, борбор калаадагы тестирлөө №65 жана №11 мектебинин имаратында болду.
"Тестирлөөгө Бишкек шаары боюнча 242 бүтүрүүчү катышты. Иш-чара өткөрүлгөн мекемелер алдын ала дезинфецияланып, санитайзерлер коюлган. Тестирлөөгө катышуудан мурда бүтүрүүчүлөрдүн дене табы текшерилди, ал жерде медициналык кызматкерлер жана укук коргоочулар нөөмөттө турушту", - деп айтылат маалыматта.
Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи жана экинчи туру 21-25-июнь аралыгында өткөн. Үчүнчү турга ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу биринчи, экинчи турга катыша албагандар катталган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан