Орусияда Жеңиш майрамына карата жөө жүрүшкө даярданган 300дөн ашык курсант коронавирус жуктурганы айтылууда

Орусияда Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган майрамдын жөө жүрүшүнө даярдык учурунда 376 чакты курсант, аскерлер коронавирус жуктурган. Бул тууралуу "Проект" басылмасы курсанттардын жакындарына таянып жазып чыгышты.

Жөө жүрүшкө даярдык Москванын четиндеги Алабино полигонунда өткөн. Курсанттар 25-марттан 16-апрелге чейин аптасына 3 ирет полигонго келип, даярдык көрүп турушкан. Качан гана өлкө президенти Владимир Путин жөө жүрүш жылдырылганы тууралуу билдиргенде даярдык токтотулган.

Маалыматка ылайык, даярдыкка Орусиянын 17 аймагынан 42 аскер бөлүмү, Орусия гвардиясы жана Коргоо министрлиги жана башкалар тартылган. Жалпысынан жөө жүрүшкө 15 миңге чукул аскерлер катышат деп пландалган. Анын канчасы даярдыкка келип жүргөнү белгисиз.

"Проект" басылмасы коронавирус жуктургандар деп төмөнкү тизмени чыгарган:

  • Твердеги Суворов училищеси (90 курсант, 16 офицер);
  • Нахимовск аскер-деңиз училищеси (100 курсант, 20 офицер);
  • Москвадагы Халилов атындагы аскер-музыкалык училище (50 курсант);
  • Москвадагы Коргоо министрлигинин аскер университети (болжолдуу 100 адам);
  • Воронеждеги Жуковский жана Гагарин атындагы аскер-аба академиясы (ооругандардын так саны белгисиз, ата-энелердин айтымында, массалык оору жугузушкан).

Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам кийинчерээк президенттин буйругу менен Жеңиш майрамына багышталган жөө жүрүш өтпөй турган болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан