Жанар Акаев: "Премьер-министр элдин бүдөмүк ойлоруна так жооп бериши керек"

Депутат Жанар Акаев премьер-министр элдин бүдөмүк ойлоруна так жооп бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүн премьер-министр брифинг өткөрүп, азыркы элде болуп жаткан бүт бүдөмүк ойлорго так жооп бериши зарыл. Элде июнь, июль, август айларында пенсия менен жөлөк пул төлөнбөйт экен деген сөз жүрүп жатат. Бул боюнча өкмөт башчы бюджетте акча бар, мурда кандай болсо ошондой төлөнөт деп айтып коюушу керек.

Мигранттар боюнча маселени баарыбыз көтөрүп жатабыз. Өкмөт жооп бербейт. Ачуу чындыкты айткандан коркпош керек. Аларды алып келе алышабы же жокпу ачык айтуу шарт", - дейт Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан