Депутат Аида Касымалиева дарыгерлерге аяр мамиле кылуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Дарыгерлерге аяр мамиле жасоо керек. Каза болгон медицина кызматкерин кант диабети менен ооруган деп штабдан айтышты. Бирок тактай келгенде анын андай оорулары жок болуп чыкты. Буга чейин деле дарыгерлерди күнөөлөгөн учурлар болгон. Бул уят. Этият болуу керек", - деди Касымалиева.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов бул маселе сөзсүз түрдө тийиштүү жетекчилерге айтыла турганын билдирди.