Бүгүн, 17-апрель күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча онлайн жыйын берүүдө.
Үсөнбаев коомчулукта жаралган суроолорго жооп берүүдө. "Бейтаптарды ким каржылап жатат?" деген суроого Үсөнбаев "Бейтаптар мамлекеттин эсебинен каржыланып жатат. Алардын чөнтөгүнөн каражат кеткен жок" деп жооп берди.