Кант шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Кечээ, 5-майда саат 20:41 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын Бакинская көчөсүндө турак үйдө өрт чыккан. Өрттүн натыйжасынан 110 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.