"Мен олтурам сөрүдө". Элди жылмайткан позитив видеону тараткан келин жеңесинен кечирим сурайт

Мындан 2-3 күн мурун "мен олтурам сөрүдө" деп тамашалуу сүйлөп, видео тарткан жарандын видеосу социалдык тармакка тараган. Ал видео интернет бетине жайгашары менен аны бөлүшүп, жакшы пикирлерин калтырган жарандар көп болгон. Аны бөлүшкөндөрдүн катарында Учкунбек Токторбаев аттуу жаран бар болчу. Ага 6-майда видеону баракчасынан өчүрүп коюуну талап кылып, жарандын туугандары байланышка чыккан. Бул тууралуу Токторбаев SUPER.KG порталына айтып берди.

Айтымында, видеодогу адам азыркы тапта депрессия абалында жана ал видеонун коомчулукка тарап кеткенин каалаган эмес.

Маалыматка ылайык, видеодогу жаран Ноокат районундагы айылдардын биринде жашайт. Атын атагысы келбеген айылдашынын айтымында, ал абдан кичи пейил, кадыр-барктуу болгон айылдын сүйкүмдүү, камкор келини. Келин видеону коңшуларына эле жиберген. Ал видеонун интернетке жайылып кетүүсүн такыр ойлогон эмес.

"Азыр интернет деген балээ чыгыптыр, сүйлөсөң эле тарап кетет экен. Бул видео негизи сыртка чыкпай, өз ара ичибизде эле калышы керек эле. Ал биздин эң тамашакөй, сүйкүмдүү коңшубуз. Кээ бир жазылган терс комментарийлер коңшубузга кыпындай да тиешеси жок. Ал аруу, таза, тамашакөй жан", - дейт ал.

Ал эми видеодогу жарандын келини видеонун тарап кеткенине ал себепчи экенин айтып, андан кечирим сурады. Айтымында, ал видеону WhatsApp'тагы тайпалардын бирине жиберип, андан улам видео интернетке чыгып кеткен.

"Блогерлер, видеону өчүрүп салышыңарды суранам. Азыркы тапта бул видео коомчулукта катуу талкуу болуп жатат. Жеңем азыркы учурда жаман акыбалда. Видеодогу адам менин жеңем болчу. Өзүбүздүн коңшуларыбыздын арасындагы видеону мен бир тайпага таратып койдум эле, ошондон интернетке чыгып кетиптир. Жеңемден кечирим сураймын", - дейт ал.

"Мен олтурам сөрүдө". Элди жылмайткан позитив видеону тараткан келин жеңесинен кечирим сурайт
"Мен олтурам сөрүдө". Элди жылмайткан позитив видеону тараткан келин жеңесинен кечирим сурайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
AksyKum
2020-05-07 03:56:46
Жаман коментарийлерди мен мен деген таланттарга дагы жазышат .кайрымдуулук кылгандарга Андан коро минтпейсинби тигитпейсинби деп бироонун акчасына кожоюнчулук кылышат оздору бир адамга жакшылык кылып койгондой.коодону жарды байкуш бир жакшы соз айта албаган журогу карарып кеткен ичитар адамдар ото коп.аларга капа болуп депрессияга тушунун кереги жок
+12
suluktu
2020-05-07 04:03:36
Окмоттон кечирим сурагыла)))
+2
Mister-X
2020-05-07 05:44:19
Видео тамашалуу,сонун чыккан.Сөрүдөгү келин дагы позитивдүү видеолорду чыгарса жакшы болмок.
+9
JaneEr
2020-05-07 06:19:09
Ар кимге жайбай эле койбойбу анан
+7
Goodyer
2020-05-07 09:40:44
Келинчек жаштык кылыпсын да. Азыркы заманда жакын адамына дагы ишенбе. Азыр адамдар боктон гул жасаганды аябай жакшы корушот
+7
bond02
2020-05-07 10:18:13
Баш иштебесе уят болосунар.
-3
suban78
2020-05-07 10:40:09
Мунун эмнесине депрессия болот. Кимдер негатив жазыптыр тооба. Аябай шайыр аял экен, биз да коруп эч жаман ой жок, жакшы коруп эле кулгонбуз. Ээ ушуга да адам депрессияга тушобу. Исламда жылмаюу тартуулоо да озунчо садака, адамга жакшылык кылган деп эсептелет да.
+6
AksyKum
2020-05-07 10:55:04
suban78,бул видеого депрессия болгон жок жаман коментарийлерге депрессия болгон
+1
baku24
2020-05-07 11:58:48
Карантинде элдин бир конулун которупсунор андан эс бир жаман нерсе корбодум. Кайра суйунгуло канча адамдын конулун котордунор. Депрессия болгудай жаман иш кылган жоксунар го
+3
samirabi
2020-05-07 12:03:19
Бул видеодо эч жаман нерсе жок го.Тамаша иретинде тартылганы билинип эле турат го,мен жыргап кулгомун.Эже ачык конул экен да,капа болбонуз.
+3
sirenaaaaa
2020-05-07 12:30:28
Элдин созунон да куйоосу мээсин жеди болуш керек байкуштун
+6
fanatka19
2020-05-07 12:34:10
Соонун маанай учун женене рахмат,биз уй булообуз менен коруп жактырганбыз.
+3
Millenium
2020-05-07 13:00:18
Булар баары биригип алып соорудо отуратко.
+4
Arstan18.18
2020-05-07 16:31:09
Дагы деле сорудо отурасынарго эмнеси болуптур? Магада келген видео коруп кулуп эле уккам,бир байке жоопда чыгарыптыр аны угупда кулдум. Жаман адамдар бар алардан жакшы соз чыкпайтда эмнесине кыжаалатсынар? Биздин эл де бар тамашаны да тушунбогондор
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан