Орусияда Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн жаран адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 30-апрель күнү шектүү өзүн-өзү коргоо изоляция эрежелерин бузуп, көчөдөн полиция кызматкерине күч колдонгон. Тактап айтканда, башына кийип турган фуражкасын кулата чаап, андан ары качып жөнөгөн. Ал ошол убакта мас абалда болгон. Полиция кызматкерлери аны кармап, териштирүү иштеринде ал жаран башка дагы кылмышка шектүү экенин аныкташкан.
"Шектүү полиция кызматкерине кол көтөрүп кармалганга чейин, батирде жакын таанышы менен пикир келишпестик болгон. Ал таанышына бир нече жолу бычак сайып, денесине жаракат келтирген. Жабырлануучу андан качып, "Тез жардам" кызматын чакырганга жетишкен. Учурда Кыргыз жараны адам өлтүрүүгө аракет кылганы боюнча кармалды", - деп жазылат маалыматта.