"Экөө тең кетиши керек". Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегорду карьераларын токтотууга чакырды

Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор UFC'деги карьераларын токтотушу керек. Бул тууралуу америкалык мушкер Тони Фергюсон MMA Fighting басылмасына берген маегинде айткан.

"Экөө тең карьерасын бүтүрүп, UFC'ден кетиши керек. Хабиб менен мушташкым келеби? Бул тууралуу айткым да келбейт. Азыр мени UFC 249 турнири гана ойлонтот", - деп билдирген америкалык мушкер.

Маалыматка ылайык, UFC 249 турнири 9-майда АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтөт. Анда турнирдин негизги беттешинде Тони Фергюсон мекендеши Жастин Гейтжи менен беттешет. Коронавирус пандемиясынан улам турнир көрүүчүлөрсүз өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rususu
2020-05-07 11:48:27
Айтып не кыласын,озундун арабанды тарта бер да,алар сенен коркушат,болду.
-1
joroo
2020-05-07 12:04:22
Хабиб муну жон эле жыртып коёт каапырды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан